www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сбору жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалыматты Түштүк Кореядан атактуу чемпион Шайлообек Атазов бүгүн, 14-декабрда NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

--"Бүгүн, Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сборунда биздин спортсмендер мелдеште 1 алтын 2 күмүш медаль утушуп, кубанычыбыз койнубузга батпай турабыз. Бул жакта мелдеш гана эмес 15 күндүк машыгуу болуп өттүп, биздин жигиттер атаандаштарынын алдында абдан жакшы тажрыйба алышты десем болот.  Аны менен бирге эле биздин спортчулар Кореянын маданияты, билим берүүсү менен да таанышып, күч топтоодон сырткары интелектуалдык жана руханий да баалуулуктарга жетишсе, биздин машыктыруучуларга да абдан чоң мотивация пайда болду. Албетте Кыргызстандын желегин башка чет өлкөдө көтөрүү кыялы ар бир спортчунун кыялы. Буюрса бүгүнкү мелдештин жеңүүчүлөрүнүн бул жеңиши дүйнөлүк аренада чыга турган баштапкы баскычы болуп, алгачкы кыялдары ишке ашты",  - дейт Шайлообек Атазов.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сбору болуп өттү. Кыргызстандан барган мушкерлер жана машыктыруучулар баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланган. Корея тарап Кыргызстандын спорттук достук мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн өлкөбүздүн бокс боюнча машыктыруучусу, спорт чебери Шайлообек Атазовго Мэриянын атайын Ардак громатасы жана алтын кубогу менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости