www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу курулмаларды куруу жана техникалык жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат. Пайдалануудагы жабдуулар эскирген жана талап кылынган техникалык нормаларга дал келбейт.

Министрлер кабинетинин башчысы шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуу маанилүү экендигин белгиледи.

«Тазалоочу жайлардын абалы – шаардагы олуттуу маселелердин бири. Биосфералык аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн тармактык мамлекеттик органдар жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти тездетүүсү керек. Заманбап тутум түзүү зарыл», - деди Улукбек Марипов жана бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости