www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда санитардык тыюуларга каршы митингдер уланды

Францияда "Санитардык диктатурага" каршы митингдер уланды. Санитардык чектөөлөргө каршы митингдер ушуну менен төртүнчү ишембиде болуп өттү. Өлкөнүн 150 шаарында ондогон адамдар көчөгө чыгып, коронавируска каршы киргизилип жаткан жаңы чараларга нааразылыгын билдиришти.

Франциянын Конституциялык кеңеши чыгарган жаңы чечимге ылайык, эмделгени тууралуу күбөлүгү же вирусу жоктугун аныктаган тесттин корутундусуз адамдар маданий, спорт мекемелерине, коомдук тамактануучу жайларга, соода борборлоруна бара алышпайт. Эмделбеген жарандарды иштен бошотуп коюуга уруксат берилген.

9-августтан тартып Францияда өткөрмө режими ишке кирет. Ага ылайык, бардык кафе-ресторандарга, соода борборлоруна жана алыска кетүүчү поезддерге эмделген жана вирусу жоктугун тастыктаган маалымкаты колунда бар адамдар гана кире алышат. Элдин бир бөлүгү мындай чектөөлөргө каршы.

Ушундай эле чектөөлөр каршылыктарга карабай, 6-август күнү Италияда киргизилди. Өткөрмө режими коомдук тамактануучу жайларда, транспортто, маданий жана спорттук мекемелерде иштейт. Италия өкмөтү мындай чектөөлөр жаңы окуу жылын коопсуз абалда баштоо үчүн зарылдыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости