www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын армян калкынын өкүлдөрү жашаган Вена жана Дезин коммуналарынын аймактарында түрктөрдүн агрессивдүү демонстрациялары болуп, алар айрым жерлерде тополоңго айланган. 

Твиттерге жарыяланган видеолордо түрк желектери менен ондогон кишилердин чогулганын көрүүгө болот. Алар "Аллаху Акбар" жана антиармяндык ураандарды кыйкырып көчөлөрдү аралап жүрүшөт.

Видеолордун биринде алардын айрымдарында "Боз Карышкырлар" уюмуна мүнөздүү кол жаңсоо - түрк улутчулдарынын белгиси көрсөтүлгөнү байкалат. Дал ушул уюмдун мүчөлөрү "жазалоочу экспедицияларды" уюштурган деп шектелип жатышат.

Твиттердеги Полиция Комиссарлары өзүлөрүн Франциядагы полиция кызматкерлеринин синдикаты катары тааныштырып, окуянын видеосун мындай деп ачыкташкан:

«Кечке жуук Венада түрктөр армяндарды жазалоо үчүн издөөгө жортуулга чыгып, полиция күзөтүнө кол салышты. Биздин кесиптештер ашыкча толкунданган 150 адамдын алдында токтоолукту жана кайраттуулукту көрсөтүштү."- дейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости