www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциялык модельер Пьер Карден дүйнөдөн кайтты

Франциялык белгилүү модельер Пьер Карден бүгүн 99 жашында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун үй-бүлөсү билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Карден - азыркы жогорку жарашык (мода) өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1960-жылы биринчи болуп эркектер үчүн коллекциясын тартуулаган. Биринчилерден болуп дизайнердик кийим-кечени массалык дүкөндөрдө сата баштаган.

Модельер Италиянын Тревизо шаарынын жанында төрөлгөн. Бала чагында ата-энеси менен Францияга көчүп барган. 14 жашында эле кийим тигүү тармагында эмгектене баштаган, «Paquin» жарашык үйүндө иштеген, кийин Кристиан Диордун жарашык үйүндө башкы дизайнер болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости