www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын мурунку Өнөр жай министри, О-де-Сен департаментинин башкармалыгынын төрагасы Патрик Девежян коронавирустан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берип, РИА Новости жазып чыкты.

Патрик Девежян 75 жашта болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча, Францияда 37 575 адам жуктуруп, 2 314 адам каза болду.

Эске сала кетсек, коронавирус инфекциясы 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан чыккан. Кийин бүткүл дүйнө жүзүнө тарап, 200гө жакын мамлекетке жайылган. Учурда дүйнө жүзү аталган вирус менен күрөшүп жатат. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

COVID-19 инфекциясынын негизги белгилери-кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, дене табынын көтөрүлүшү.

Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 677,6 миң адам ооруп, 31,7 миң каза болуп, 146,2 миң айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости