COVID-19: Италияда коронавирустан каза болгондордун саны он миңден ашты
Дүйнө жүзүндө  |   |  13854

Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирус, 3 ай аралыгында эле 177 мамлекетке жайылып кетти.

Акыркы маалыматка таянсак, бул вирусту 665 миң киши жуктуруп, 30 852и көз жуумп, 141 миңи айыгып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Бүгүнкү күндө Италия коронавирустан жапа чеккен өлкөлөрдүн бири.

Италияда акыркы 24 саат ичинде коронавирус инфекциясынан 889 адам каза болуп, жалпы саны 10032 ге жетти.

Ал эми ооруну 70 655 адам жуктуруп алган. Өлкөдө коронавирус инфекциясынан 12 384 киши сакайды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями