www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен үйлөнгөндө айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин айтып бүтүшпөйт. Бул мен үчүн абдан чоң кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле "Келин бала абдан сулуу экен, издеп жүрүп тапкансың го, далай кыз сыныңдан өткөн окшойт ээ" деп калышчу. Инилер болсо "Жеңени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык" деп тамашалап өтүшчү. Келинчегимдин бою меникинен кичине узунураак болчу. Анын үстүнө Кудай мага өң-түстүү да жакшылап бербептир. Ал мага абдан жагып калгандыктан, жеринин алыстыгына карабай машинага салып төө басты кылып ала качып кеткен болчумун. Таш түшкөн жеринде оор болуп отуруп калды, кайда бармак эле.

Экөөбүздүн жашообуз жаман уланган жок, кылган-эткени тың, мага жасаган мамилеси жакшы, ал эми жубайым эмнегедир апама жакпай койду. Отурган жерден апам бир нерсени баштайт, мен күчүмдү аялыман чыгарып барк-барк этип алам. Ал узун кирпиктерин суулап алып сыртка чыгып кеткенде ичим туз куйгандай ачышып, апамдын тилинен коркуп унчуга албай отуруп калчумун. Бара-бара апамдын тилине кирип, болбосо апамдыкы туура эместигине жиним келсе да, аялыман кучумду чыгарып ага кол көтөрө баштадым. Жакшынакай келинчегим чөгүп, сыртынан эч кимге сыр билгизбей жадыраганы менен мага муруңкудай болбой муздай баштаганын сезип журдум. Ансайын ичип алганда эмнеге мага эркелебейсиң, эмнеге мени кучактап өппөйсүң деп сабап салам. Өзүмдүн ушул жасаган иштеримди эркекке таандык, эркекчилик деп ойлочумун. Апама ал кылганым абдан жагып, аялымды катуу кармаганыма кубанып калчу. Карындаштарым, инилерим жеңесине боору ооруп турса да, апам экөөбүздөн коркконунан унчуга алышчу эмес. Кээде мен ичип келгенде үйдөн качып кетет, утурумдук таяк жебегени менен андан кийин мээсине чай кайнайт.

Апам: "Аялың түн ичинде качып кайда барат, таң аткыча сарайда жашынып жатат дейсиңби, бирөө-жарымды таап алып, анысын чакырып алып жыргап жүргөндүр, аны кайдан билесиң" дегенде ичиме туз куйгандай боло тушөт дагы тегеректеги эркек аттуунун баарын көз алдыман өткөрөм. Ким келинчегимди карады, ал үчүн аялымдын көзү көгөрөт. Азыр ойлосом ал байкушка жакшы эле кордукту көрсөттүм. Көпкө чыдады, балканактай уулду болдук. Уулума бир жаш болгондо аялымды айылдагы ак көз, кара көздөн кызганып фермасы бар бирөөнүн коюн багып талаага чыгып кеттим. Бала менен кыйналасыңар деп уулубузду апам алып калды. Баланы көргөнү барып калсак аны бизден кызганып, жаныбызга жакын жолотпой урушат. Тоого барып, кашарда турабыз. Фермер жигит менден кичүү, аялы менен ажырашып кеткен неме болчу. Кашарда көп деле болбойт, башка малдарын караганы кетет, апасы менен айылда жашайт, кээде келип-кетип турат.

Аялым экөөбүз ал жакта деле көнүп калгандай уруш-талашы жок жашай албай калдык. Өзүм күнүз кой жайып кетем дагы, кечинде келип кечке чейин кайсы кошуна чабан менен көңүл ачтың деп аялымдын башын оорутам. Кызганыч мага көнүмүш болуп калган окшойт, таптакыр арыла албай койдум. Койлордун тууту башталган мезгилде кожоюнубуз сарайга такай келип, кээде кеч болуп кетсе жатып калып жүрдү. Аялымды канча адамдан кызгандым, бирок кожоюнуман өмүрү кызганган эмесмин. Иш берип, акча төлөп жаткан адам көзүмө сүйкүм көрүнүп туруп алды окшойт да. Баласына тамак жасап бергени апасы да барды. Аялым ага жардам берет, кой төлдөтүүгө да чыгат, айтор жаны тынбайт. Тиги кемпир келинчегимди мактап, жасаган тамагын айтып бүтпөйт. Тоодо жашаса да келинчегимдин аппак жузу карарбай, бирди төрөгөнү менен жаш кыздай сынынан кеткен жок. Кыймылы да чапчан болчу. Адам менен бат тил табышып, ар бир адамды түшүнүүгө аракет жасаган сапаты бар эле. Ошондуктан мага чыдап жашап жүрсө керек да.

Айылга түшүп кетсем эки-үч күн арак ичип жүрүп алам, андайда менин жоктугумду билдирбей тоого кой кайтарып чыгып, кечинде айдап келип, түнү менен туутту карап чыгат. Ошол учурда ал менден тажап, көңүлү башка адамга түшүп калган экен. Аны далайга чейин билген да, сезген да жокмун. Түнкүсүн төшөктө милдетимди аткарганымда, ал төбөнү тиктеп эле жатып бергенине көнгөм. Бул жолу ар кайсы шылтоону таап жаныма жолобой калды. Чарчап жүргөн жаным ага деле көңүл бурган эмесмин. Кожоюнум болсо кетпей сарайда жашап жүрдү, андан тартынып мен дагы аялыма мурдагыдай кол көтөрбөй калгам. Мурда кирпиги төмөн салаңдап, жашы мончоктой түшкөн келинчегим ыйлабай да калды.
Бир күнү айылга түшсөм апам айтып калды:
-Эркек сыягың барбы сенин, койнуңдагы катыныңдын эки эр менен жашап жүргөнүн билип жатасынбы? Элдин сөзүнөн сыртка чыга албай калдым,-деди.
-Эмне болду?
-Аялың Кемел менен көңүлдөш болуп алыптыр го?
-Ким айтты?
-Эл айтып жатат.
-Эл айта бербейби, Кемел күйөөсү бар аялды эмне кылмак эле? Аялым өзүмдүн эле койнумда жатат.
-Түнкүсүн сенин койнуңда болсо, күндүзү Кемелдин койнундадыр. Көзү ойноктоп турбайбы, ал шуркуяң кылат ошону.

Баарын баштан ойлоп көрдүм. Эл айттыбы, же апам болжолдоп туруп "уруп" койдубу, деги илинчек таба албай койдум. Баргандан кийин алардын мамилесин аңдып да көрдүм, мамилеси жок сыяктуу. Эл ушинтип айтып жатыптыр деп аялымдын көзүн бир көгөрттүм. “Эл айтты деп эмнеге мени урасын, эл келип бизди көрүп жатыптырбы, же шам кармап берген бир адам бар бекен. Мен ким, Кемел ким? Ал мени карамак беле, мындай байлыгы менен он бештеги кызды албайбы. Сенин да, апаңдын да сөзүнөн, кордугуңардан тажап кеттим. Ошол айтканын чын болуп Кемел мени карай турган болсо артка бир кылчайбай ага тийип алмакмын”,-деп ого бетер ачуумду келтирди.

Таң аткыча аябай сабап чыктым. Тилинен тапты да. Кудай жалгап ошол түнү кожоюнум да, энеси да жок болчу. Эртең менен келишти, көгөргөн көзүн көрбөсүн деп үйдөн чыгарбай койдум эле, тиги кемпир үйгө кирип барганбы, көрүп коюптур. Уруш эмнеден чыкканын ага айтып койгон экен, Кемел мага айтканда жети өмүрүм жерге кирип кетти. Бирок, тутана албай турган отко өзүм жел үйлөдүм беле, тилимен таап алдым. Чындап эле аялым менен Кемел мамиле күтүп алышканын кийин билдим. Анткени, аялым таптакыр эле мени жанына жолотпой, алыстап, муздак болуп кетти. Чырыбыз көбөйдү. Менин кызганычым бул жакта эле калды. Урушубузга Кемел аралашып, мени койчулуктан кетирмек болду. Кете турган болгон соң, аялымды жүр десем ойлобогон жерден ал кетпейм десе болобу.

-Сенден эмне жыргал көрдүм, энең экөөңдүн жабыштырбаган адамыңар калган жок. Көзүмөн көк кеткен жок. Баарына чыдап жашасам да баркымды билбей койдун. Жадакалса бир тууганыңдан да кызгандын. Эми мындан ары кызганбай эле кой, мен бул жерде калам,-деди.
-Эмнеге каласын?
-Жашайм ушул жерде.
-Ким менен жашайсын?
-Кемел менен...
Башыма таш тийгендей болду. Ушуну айтканга кантип оозу барды билбейм, тим эле бычактап салгым келди. Камчыны аны көздөй таптай бергенимде биздин сөзүбүздү тыңшап турганбы, Кемел чыга калып колуман кармап калды.
-Болду, баары бир сен башкага кетем деген аял менен жашабайсың. Экөөбүздүн көңүлүбүз табышты, сулуу аял алдың, бирок аны соолуттуң, жадакалса суу куйганга жарабадың. Эми ал меники болот-деди.

Экөөнү бирдей ашата сөгүп туруп кетип калдым. Айылга барсам апам ого бетер албууттанып алыптыр. Уулунун башын чанып кетип жатса ага оңой бекен. Болушунча аны жамандап, аягы суюк көргөздү. Бирок, эл деген эл экен, күнөө кимден кетип жатканын таразалайт тура. Көбү эле апам экөөбүздү күнөөлөп коюшту. Апам жулунуп-жулкунуп Кемелдикине барды эле анын энеси:
-Балдар өзү каалап жатса эмне кылайын. Ал мурда сенин келинин болсо эми менин келиним болду. Баламдын тандоосуна койдум, жашагысы келсе жашасын, келин жаман эмес, баркына жете албасаң эмне кылайын. Балаң да кызыл камчы неме экен, ичип алса келиндин жанын койбой сабаарын өз көзүм менен көрбөдүмбү. Небереңди берем десең бер, бөлөксүнтпөй багып алабыз, жок алып калам десең дагы өз ишиң. Бирок, баланын энеси ушул келин экендиги чындык,-дептир.

Ызылдап-ызылдап калып калдык. Кемел менен менин аялым жарашкан жубайлар болуп калышыптыр. Фермасын өстүрүп, улам бир машина минип, баягы мен жаңы алганда кулпурган келин эми андан дагы ачылып алган. Эгиз уул төрөп берди. Чоң дүкөн ачып иштетип жатат. Күнөө өзүмөн кетип калганын, апамдын сөзүнө кирип үй-бүлөөмдү бузуп алганыма өкүнөм. Кээде ичкенде апама айтып алам, ал баары бир мойнуна албай мага таарынат.

Кемел, аялым мени менен учурашып, балага эмне керек экенин, же келсе “кийимин алып берейин” деп сүйлөшүп калса деле кызганбайт. Мен болсом эчак анын көзүн көгөртмөкмүн. Кызганам деп жүрүп куру жалак калдым. Биринчи аялыма дагы деле көп адамдар суктана карашат, анын бири менмин. Кызыл гүлгө кол жеткизип, соолутуп алаарымда аны башка бирөө аздектеп алды. А мен армандамын...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости