www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган өзүнүн Твитердеги баракчасына видео-тасма аркылуу жаштарга Кайрылуу жасап, улуу муундагы адамдарды колдоого чакырды.

Эмине Эрдогандын Твитер баркчасындагы видео-тасмада:

"Урматтуу жаштар!

Дүйнө жүзү боюнча акыркы 100 жылдын эң чоң эпидемиясына туш болуп жаткан учурда, бул эпидемияга каршы күрөшүүгө баардыгыбыз милдеттүүбүз!

Медициналык кызматкерлер өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышат. Алардын жүгүн азайтууга жардам берели. Мамлекетибизде эң коргоосуз топ катары улгайгандарды колдоп, кам көрүүнүн убагы.

Биз аларга сүйүү жана кечиримдүү мамиле көрсөтүп, бул татаал процессти үйлөрүндө дагы коопсуз өткөрүүшүн камсыздай алабыз. Кары-картаңдарыбызды санаага салбай жана көңүлүн чөктүрбөй социалдык изоляциянын себептери темасында маалымат бере алабыз.

Бул процессте соода жана башка муктаждыктар үчүн каалгаларын черте алабыз, өздөрүн жалгыз сезбеши үчүн биз тез-тез телефон чалып ал-абалын сурай алабыз, суроолорун уга алабыз, көңүлдөрүн көтөрө алабыз. Ал эмес аларга китеп дагы окуп бере алабыз.

Ошол эле учурда, карылардын тамактануусуна көңүл буруп, ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү жасаталы.

Эң негизгиси жаштар, алар биз үчүн жүк эмес, тескерисинче, пайда алып келе тургандыгын сезишибиз керек. Эгерде улуу муундагы адамдарыбыз жаныбызда аман-эсен болсо,  келечекте карылар менен майрамдарды өткөзөбүз", - деп Эмине Эрдоган айткан.

Ага кошумча Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жубайы Эмине Эрдогандын жаштарга Кайрылуу тууралуу видео-тасмасын өзүнүн Твитердегеи баракчасына бөлүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости