www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада 30-марттан тартып бардык жашоочулар үчүн жаш курагына карабай үйдөн чыкпай, изоляцияда болуу талабы киргизилди. Бул тууралуу мэр Сергей Собяниндин буйругу чыкты.

Мындай режим шартка ылайык күчөтүлүшү мүмкүн. Үйдөн төмөнкүдөй себеп менен гана чыгууга болот:

  • Ден соолукка, жашоого коркунуч келген чукул учурда медицина кызматына кайрылуу,
  • Милдеттүү түрдө жумушка баруу керек болгондо,
  • Жакын аралыктагы дүкөн, дарыканадан соода кылуу үчүн,
  • Жашаган аймактан 100 метр алыстыкка кетпей үй жаныбарларын сейилдетүү,
  • Таштанды алып чыгуу.

Ал эми шаардан сыртка чыгуу же кирүүгө чектөө болбойт. Кайрылууда техникалык, уюштуруу иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин жашоочуларга атайын өткөрмө барагы менен гана чыгууга уруксат берилет.

Эске сала кетсек, буга чейин Москва шаарынын мэриясы коронавирустун айынан жумушун жоготкон шаар тургундарына айына  19 миң 500 рубль төлөп берери айтылган.

29-мартка карата маалыматка ылайык, Москвада вирус менен жабыркагандардын саны 1014кө жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости