www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-мартта, саат 8:00гө карата өлкөдө коронавируска чалдыккан жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу  Коронавирусту алдын алуу штабы билдирди.

Учурда өлкөдө жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти. 26 киши кечээ, 29-март күнү аныкталган. Штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов ал адамдардын баары обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады. Ошондой эле алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт.

Коронавирус жуктурган 84 адамдын үчөө оор абалда. Алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө Өзгөндө, бирөө Сузак районунда.

Ушул тапта республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости