www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дааваттан келгендерди толук көзөмөлгө ала албай калганына мамлекет күнөлү эмес. Анткени алар Кыргызстанга кайтканда ар түрлүү жолдор менен кирет. Чек арадан өтүп атканда, "Баланча өлкөлөрдө болдум. Дааваттан келатам"- деп айтып жатышкан жок да. Ошондуктан, ар кандай жолдорду пайдаганып жанагы таажытумоо чыккан өлкөлөргө барып келгендер өздөрү айтышы керек. "Мен Пакстанда же Иранда болдум эле. Текшенрүүдөн өтөйүнчү"- деп. "Кудай жолунда жүрүп келдим. Мага оору жукпайт"- деш жеткен түркөйлүк, карангылыктын жеткен чеги. Орой айтканда акмакчылык.
"Баланча сүрөнү, дубаны баланча жолу кайталап окусаң эле оору жукпай калат"- деген да, жеткен карангы билимсиздик. Дин жолундагы аалымбыз дегендер, ансыз да билимсиз карангы элдин башын антип айландырбагыла? Жанагы Умрадан келгендер баргандан келгенге чейин ошондой сүрө, дубаларды окуп жүрүп келишпегенде эшек такалап же сармерден айтып, секетпай ырдап жүрүп келишиптирби? Ооздорунан дуба сүрөөсү түшпөй жүрүп келишти да. Ошондуктан айрымдары чек арадан өтүп жатканда текшерели дегендерге каршылык көрсөтүп, "Биз деген ыйык жерден, ыйык иш жасап, ыйык дубаларды окуп жүрүп келатабыз. Бизге оору жукпайт. Биз таптазабыз"- дешип чыр чыгарып атат да. Билимсиз ашкере динчилдер бул жазгандарыма ажылдап чыкпагыла.
Ислам динин билимсиздер элге жаман көрсөтүп, элди качырып атасыңар. Кана айткылачы? Силерден башка кайсыл дин өкүлдөрү айтып атат? "Баланча жолу чокунсаң же будданын астыда баланча саат сыйынып отурсаң оору жукпай, оорусаң айыгып каласың"- деп. Же бир силердин айтканыңарда тырмактын карасындай чындыгы болсо экен. Тигил Умарадан келип ренимацияда жаткан өкүлүңөрдөн сурагылачы силер айткан дубаны күнүгө канча миң жолу окуду экен? Тилекке каршы бүгүн ренимацияда өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат.
Жараткан Улуу Ыйык Күч адамдарга бул ооруну "Дөөрүп ар кимди ээрчибей эс акылыңарга келип өз түбүңдү, тегиңди тап"- деп жиберди көрүнөт. Жараткан ар бир улутка өз сүйүүсүн арнап улут кылды. Тилин берди. Нарк салтын берди. Ырыскысын берди. Жашаар жери Мекенин берди. Биринчи орунга ушуну коюп ойлонуу керек.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg