www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-декабрда Париждеги атактуу Лувр музейинин кызматкерлери эмгек акынын аздыгына жана жумуш шарттарына байланыштуу иш таштоого чыгышты. Натыйжада, дүйнөдөгү эң көп иштеген музей ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу France24 билдирди.
Иш таштоону 400гө жакын кызматкер колдогону кабарланууда. Иш таштоо "жумуш шарттарынын начарлашына" жана кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу.
Иш таштоо музей үчүн оор мезгилде болуп жатат. Алсак, Лувр жакында эле бир катар инфраструктуралык көйгөйлөргө туш болуп, октябрь айында 88 миллион евро (103,3 миллион доллар) бааланган зер буюмдар уурдалса, суунун агып кетишинен улам байыркы кол жазмалар жабыркаган.
"Музей учурда массалык иш таштоолордон улам жабык", - деп билдирди Лувр администрациясы өзүнүн расмий сайтында.
Кызматкерлер туруктуу кызматкерлердин санын көбөйтүүнү жана жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылышууда, айрыкча коопсуздук жана конокторго кызмат көрсөтүү жаатында. Алар ошондой эле январь айынын ортосунан баштап Европа Биримдигине кирбеген туристтер үчүн билеттердин баасын 45% көтөрүү планына каршы чыгышты. Бул көбөйтүү оңдоо чыгымдарын каржылоо үчүн сунушталган.
Эске салсак, жакында Парижде электр энергиясы менен да көйгөйлөр болгон. Исси-ле-Мулино аймагындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам айрым метро жана шаар аралык поезд линиялары жабылып, светофорлор жана 170 миңге жакын үй убактылуу электр жарыгысыз калган.
Баса, Лувр музейи дүйнөдөгү эң ири музейлердин бири болуп саналат. Анын жалпы жыйнагында болжол менен 500 000ден ашык экспонаттар бар. Аларга сүрөттөр, айкелдер, археологиялык табылгалар жана башка маданий баалуулуктар кирет.
Бирок, музейдин залдарында экспозиция катары коомчулукка болжол менен 35 000 гана экспонат көрсөтүлөт. Калгандары архивде сакталат же кайра оңдоо жана реставрациядан өтүп турушу мүмкүн.
Луврдун эң белгилүү экспонаттарынын катарына Мона Лиза, Венера Милосская, Крылатый Ника Самофракийская жана башка көркөм жана тарыхый баалуу чыгармалар кирет.