www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары учурунда 100дөн ашык билим берүү мекемеси олуттуу зыянга учурады. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук билим берүү министри Эдуар Жеффре билдиргенин ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, айрым окуу жайларда өрт коюу фактылары катталып, имараттардан мүлктөр уурдалган. Министрдин айтымында, мыйзам бузуу фактыларын көп учурда окуучулардын нааразылык акцияларына кошулган, бирок мектептерге тиешеси жок агрессивдүү адамдар жасоодо.

Эдуар Жеффре ошондой эле 65 мектеп кызматкери жабыркаганын, алардын 40ы мектеп директорлору экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары өткөн аптада Париждин айланасындагы Иль-де-Франс аймагында башталып, учурда өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Акциянын катышуучулары окуу графигинин ашыкча жүктөлгөнүнө, мугалимдердин жетишсиздигине жана билим берүү системасындагы башка көйгөйлөргө нааразы болушууда.

Последние новости