www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында ал өлкөдө жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

Жолугушууга депутаттык топтордун жетекчилери Дастан Джумабеков, Талант Мамытов баштаган депутаттар жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садыр Шер-Нияз катышты.

Тараптар Францияда жашаган мекендештердин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде виза алуу жол-жоболорун жеңилдетүү, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн Францияда таануу жана эмгек мигранттарынын турак жай шарттарын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын механизмдери аркылуу мекендештердин турак жай алуусун жеңилдетүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Марлен Маматалиев көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, айтылган сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын билдирди.

Төрага чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер менен туруктуу байланышта болуу, алардын көйгөйлөрүн угуп, чечүүгө багытталган иштерди күчөтүү Жогорку Кеңештин маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

 

Последние новости