www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйын 1-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жылытуу мезгилине даярдоо жана шаарды көмүр менен камсыз кылуу маселелери каралды.

Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулук тармагы», «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана борбор калаанын төрт районунун башчылары маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында мэр жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилерине оңдоо иштерин бекитилген графикке ылайык өз убагында аяктоону тапшырды.

Ошондой эле район башчыларына отун базаларында сапат талаптарына жооп берген көмүрдүн жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары, өткөн жылытуу мезгилдериндеги көмүрдү сатуу жана керектөө көлөмдөрүнө талдоо жүргүзүп, алдыдагы сезонго көмүр тартыштыгын болтурбоо боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Учурда Бишкектин райондорунда отун базалары иштеп жатат. Жарандар ал жерлерден көмүр сатып ала алышат.

Последние новости