www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малик Шаваев Азия оюндарынын коло медалын жеңди

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалга ээ болду.

Шаваев эркектер арасында 86 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Кыргызстандык спортчу алгачкы беттешинде Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Бобур Исломовду 10:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Шаваев Ирандын өкүлү Мохаммад Нохудиларимиге 0:3 эсебинде жеңилип калган.

Коло медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Түштүк Кореянын өкүлү Ли Гёнёнду 12:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын байге ээси аталды.

 

Последние новости