www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол: 39-мүнөттө эсепти кимдер ачты?

Жапон футболчусу Такуми Минамино 39-мүнөттө айып тобун тээп, эсепти ачты. Учурда биринчи тайм аяктады. Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары ойноп жатат.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 17:15те башталган. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан. Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости