www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген Бишкек шаарынын тургунун милиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, октябрь айында милицияга Кант шаарынын мектептеринин биринин окуучусун белгисиз адам көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги подъезде зордуктоого аракет кылды деген арыз түшкөн. 

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн ким экендигин тактап, жакында 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун шектүү катары кармашкан. Ал Ысык-Ата районунун ИИБине жеткирилип, тергөө кызматына тапшырылган. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектелип кармалган адам буга чейин бир нече жолу соттолгон. Азыркы тапта сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости