www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам бир жарым жыл мурун кабыл алынган, бирок иштеп баштаганы белгисиз. Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эгерде мектепке чейинки, мектеп курагындагы, орто же жогорку окуу жайында окуган, 24 жашка чыга элек үч жана андан көп балдары болсо, анда салык төлөөчү аларды окутуу үчүн салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган көлөмүндө социалдык төлөөлөрдү ала алат деп мыйзамда жазылуу. Буга президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 31-майында кол койгон. Анда бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет деп жазылган.
Мыйзамга ылайык социалдык төлөөлөрдө жеңилдиктер канчалык деңгээлде иштеп жатат NazarNews маалымат агенттиги Бишкектеги ата-энелерден жана буга тиешелүү тараптардан сурамжылоо жүргүздү.
Бишкек шаарынын тургуну Асанов Талгат: бул мыйзам жөнүндө уккан эмесмин, менин 4 балам бар, төртөө тең окушат, экөө жогорку окуу жайда окуйт. Бирок мындай 25 пайыздан ашпаган өлчөмдө социалдык төлөөлөрдү алууга болот деп бизге эч ким айткан жок, эгер мыйзам иштесе, биз билет элек да.
Бишкек шаарынын тургуну Дамира Аземканова: Элге мамлекеттен колдоо керек. Бир үй бүлөөдө 5 баланы окутуу кыйын эле да, салык төлөөдөн башка дагы көңүл өйүткөн көйгөйлөр бар. Мен бул тууралуу эми угуп жатам. Иштесе элге жеңилдетүү болот эле.
Маалыматты тактып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү минстрлигине кайрылганыбызда, алар Билим берүү жана илим министрлигине кайрылгыла деп стрелканы башкага бурду.
Биз Билим берүү минстрлигине кайрылганыбызда, маалымат катчысы тактап туруп жообун беребиз дегенине бир жумадан ашты, тилекке каршы, дагы жооп бербей келе жатат.
Булак: NazarNews.kg