www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Атамбаевдин мынчалык жүзү жок экендигин айтканга сөз дагы жетпейт”, деген пикирин билдирди Бектур Асанов NazarNews.kg маалымат агенттигине.
- Мен Атамбаевдин кайрылуусун толук окуп чыгып, бул кишиде саясатчы, мурдагы президент катары эмес, адам катары да таптакыр жүзү жок экенине таң бердим. Себеби, ал бийлик менин үйүмө куралчан бастырып кирди дейт. Бүт кыргыз эли билет да, ал мыйзамдарды аткарбай, тергөөгө чакырса барбай, “бийликке баш ийбейм, курал менен каршылык кылам” деп жатпадыбы?..
Күч органдары тарабынан кандайдыр бир шалаакылык болсо болгондур, бирок, бийлик тараптан баары мыйзам чегинде болду.
Аны менен бизди салыштырсак, камалгандан бери баласы, аялы, жакындары же болбосо башка каалаган адам ага кирип жолугуп чыгып жатат. Бизди камаганда алты ай бою бизди үй-бүлөбүзгө жолуктурган эмес.
Сот, тергөө иштери болушунча ачык жүрүп жатат, Атамбаев эле эмес, анын жакындары дагы эмне кылгандарын айтып мойнуна алып жатышпайбы!.. Булар ачык эле бийликти тартып алабыз деп жарыя кылышпады беле.
Менин оюмча, бул кишинин айласы түгөнүп, кайрылуу жасап, жүзү жоктугун дагы бир ирет далилдеп жатат. Мынчалык жүзү жок экендигин айтканга сөз дагы жетпейт. Буга саясатчы эле эмес, киши катары дагы көңүлүм калды. Эгер принципиалдуу болсо, сотко баргандан эмнеге коркот? Биз сотко барганга өзүбүз кызыкдар элек.
Не дейм, бул кайрылуусунан кийин Кудай сакта дегенден башка айла жок!.., -дейт Бектур Асанов.
Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяга тиешеси бар деп кармалгандарды бошотууну талап кылып 13-ноябрда коомчулукка билдирүү тараткан.
Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы ызы-чуудан 100дөн ашуун адам жаракат алып, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ал эми Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов оор жаракат алып, учурда Москвада дарыланууда.
Атайын операцияда 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg