www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Мелдеш кечки саат сегизде башталат. Аны "КТРК-Спорт" каналы түз көрсөтөт.

Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири. Билеттер 22-марттан баштап 250-500 сомдон сатылууда.

Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.

Азия кубогунун 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноп жатат. Беш оюндан кийин Индиянын командасы 12 упай топтоп 1-орунда келүүдө. Кыргызстанда 10, Мьянмада 5 упай бар. Макаодо упай жок.

Бүгүн Мьянма да өз жеринде Макао командасын кабыл алат.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алышат.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости