www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Бакыт ата, сиз буга чейин тарых музейиндеги мумия апа тууралуу ар кандай коркунучтуу окуяларды айтып келгенсиз? Эми Баткенге көмлгөн мумия кайра казып алыш керек деп айтыла бештады. Эми кайра кайра казып алса кандай болот.
--Өзүң билесиң, апаны жерге берүү үчүн мен туптуура 7 жылдан ашуун чуркадым. Кирбеген эшигим калбады. Кат жазып кел дейт , катын жазып барам. Бир күнү апанын дагы сабыры кеттиби аян берип: кыргызды тукум курут кылам” деп каргаганда көзүмө жаш алып ыйлаганмын.
Кыргызда сөз бар го, арбак ыраазы болмоюн, пенденин иши оңолбой дейт, анан 5-6 адам биригип апага арнап, куран окуттук, ападан кечирим сурадык. Арадан аз убакыт өткөндөн кийин чын эле Кыргызстанды кырсык каптады калды. Ой кудай бетин ары кылсын, күнүнө кырсык болуп жатканда күнү-түнү ападан кечирим сурап миң кайталап куран окуткан күндөр болду. Апаны бүгүн барып, Өкмөткө түшүндүрүп, эртеси барып, жөн эле жерге берип койгон жокпуз да...Мунун артында чоң кыйынчылык турат...
--Ата, ток этээрин айтыңыз, эгерде апаны кайра казып алса эмне болот?
--Ким каздырып келсе да, кыргыз элине кылган чыккынчылык. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Апаны эми каздырып келсе, кырсык элге тийбейт, өзүнө, өзүнө болбосо бала-чакасына албетте тиет. Мен ага бөркүмдөй ишенемин.
--Чын эле мумияны жерге берип келгенден кийин автокырсык токтоду...
--Сен бир тараптуу алба кызым. Президенттик шайлоо тынч өттү. Кыргыз эли бир бүтүмгө келе баштады. Күнөөлүүлөрдүн бети өзүнөн өзү ачылып жатат. Айта берсең сөз көп, ага сен деле түшүнбөйсүң...
--Мүмкүн Сиздин пикирге бирөөлөр кошулбайт...
--Кошулабы же жокпу ал өздөрүнүн иши. Мен Кудайдын аманатынан кутулдум. Экинчиден, Адам-азыр адам, өлгөндөн кийин арбакбыз. Кыргыздын салтында өлгөн адамды катырып тиктеп олтурган, тарыхта болгон эмес, каза болгон адамды кепиндеп жерге берген. Ага куран окуткан. Кыргызда эч ким “мен өлгөндөн кийин куран окутпагыла, сөөгүмдү ыргытып жибергеле”, деп айтсынчы. Айта албайт. Сый менен өлгөндү ким каалабасын. Андыктан аткаминерлер дагы бир жолу айтам, өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңар үчүн арбак менен ойнобогула. Каргыштан корккула...Мунун арты эми өз үй-бүлөөнөргө же өзүңөргө тиет. Эгерде апаны казып келсеңер башыңарга чоң мүшкүл болот, тукум –курут болосуңар. Мен ачуу чындыкты айттым. Калганын өзүңөр билгиле. Кудай алдында аманаттан кутулдум.
--Жүрөктү түшүрөсүзго, рахмат.
Эске сала кетсек, илимпоздордун божомолу боюнча IV-V кылымдарга таандык аялдын мумиясы 1959-жылы Баткендин аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук Тарых музейине алып келинген. 2017-жылдын 14-октябрь күнү мумия кайра жерге берилген. Ошентип бир нече жыл унутта калган мумияны кайрадан талашка түштү. Окуянын арты эмне менен бүтөт күтө туралы.
Булак: NazarNews.kg