www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Баткенге көмүлгөн мумиянын кайра музейге кайтарылышын колдойт. Бул тууралуу ал бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча өткөн парламенттик талкууда айтткан.

- Мумия абдан татаал маселе болуп калды. Биз бул темада ар кандай деңгээлдеги бир катар талкууларды өткөрдүк. Ушул маалга карата эки пикир болуп атат. Алардын бир тарабы “эми көмүлгөн нерсени кайра казып кайтарыш керекпи, жергиликтүү калк кандай кабыл алат” десе, окумуштуулар баш болгон интеллигенция өкүлдөрү өкмөткө, парламентке, бизге аны кайтаруу боюнча кайрылып жатышат, деген Султан Жумагулов Азаттыкка.

Ошондой министр аталган мумияны дүйнөдөгү эң чоң окмуштуулар акысыз изилдеп бере тургандыгын кошумчалаган.

Экинчи тарабын айта кетсек, буга чейин кыргызчылык жолу менен жүргөн 70 жаштагы Бакыт ата, мындан 4 жыл мурун, “тарых музейиндеги апанын сөөгүн жерге көмбөсөк, кыргыз элине оорчулук келип, кырсык каптайт”, зар какшап деп, аткаминерлерге жазып кирбеген эшиги калган эмес. Жыйынтыгында апанын сөөгүн берип жаны жай алган. Бакыт атанын айтымында мумиянын каргышынан улам Кыргызстанда кандуу кырсыктар тынымсыз болуп жатканын айтып келген.

Чындыгында эле мумиянын сөөгү жерге берилгенден кийин автокырсыктардын токтогонун Бакыт ата, азыркыга чейин айтып келүүдө.

Эгерде мумияны казып кайра алып келсе эмне болоорун окурмандарга Бакыт атанын маегин сунуш кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости