www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-сентябрда Футбол боюнча 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандоо турниринин F тайпасында экинчи тур өттү.

Кыргызстандын курамасы бул турда оюн өткөргөн жок. Анда Япония Мьянманы 2:0 эсебинде утса, тажикстандыктар монголдорду 1:0 эсебинде жеңди.

Турнирдин алгачкы турунда биздин футболчуларыбыз тажиктерге жеңилип калган эле. Кечээки жеңиши кошулуп тажиктер 6 упай менен тайпада биринчи орунга чыкты. Андан кийин үчтөн упай менен Япония жана Монголия турат. Кыргызстан менен Мьянма азырынча упайга ээ боло элек.

10-октябрга белгиленген 3-турда Япония Монголия менен беттешсе, Кыргызстандын курамасы Мьянманын футболчулары менен беттеш өткөрөт.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости