www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол: Жапония Кыргызстанды утту

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү Жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.

2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине Генки Харагучи 2-голду жазды.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан. 

Последние новости