www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды. Оюндун 42-мүнөтүндө тажик футболчусу Алишер Жалилов гол киргизе алды. Кыргызстандын курамасы канча аракет кылганы менен эсеп саны өзгөргөн жок.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи баскычынын алкагында беттеш болуп өттү.

Кыргызстандык команда F тайпасына кирген.  Бул тайпадагы экинчи оюн ушул эле күнү Улан-Батордо болуп, Монголия Мьянманы 1:0 эсебинде жеңип алды. Жыйынтыгында, Тажикстан менен Монголия 3төн упайга ээ болуп, тайпада алдыңкы орундарга чыгышты.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости