www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош жолунда “Академия-Лидер” футболдук командасы отурган унаа кырсыкка кабылып, бир футболчу каза болду.

Маалыматтарга ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-август күнү таңкы 07:30дарда Бишкек-Ош унаа жолунун 197-чакырымында болгон. “Академия-Лидер” футбол клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында 21-августта Оштун “Алай” клубу менен беттешип, кайра Бишкекке кайтып келе жаткан. Футболдук команданын оюнчулары отурган Мерседес Бенц кичиавтобус менен Хонда Степвагон унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир футболчу каза болгон.

Бул факт Жайыл РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.  

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости