www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Эрдоган өлүптүр деген сөз ааламга тарады, бирок расмий  маалымат бекемдей элек. Эрдоган РПКга каршы турган бирден-бир президент болгон. Күрддөрдүн же РПКнын атын укканда Трамп, Путиндер сестенип кетишет, анткени, РПК терроризм жана киши өлтүрүү боюнча алдына киши салбайт. 

Калппы чынбы ким билет, 2017-жылы президенттик шайлоо алдында РПКнын аты (Күрдистандын жумушчулар партиясы) Кыргызстанда эскерилип турду. Ошол кездеги президенттикке талапкер Бабановдун атаандаштары бул партияны эске салышкан.

Олигарх Бабановдун РПКга кандай тиешеси бар? Анын колунан кармап албагандан кийин ким билет? Бирок, Бабановдун апасы күрддүн кызы экенин чын. Өз апасын Бабанов деле айтып жүрөт күрддүн кызы экенин.

Күрддөр 1978-жылы РПК деген партия түзүшкөнү да туура эле. Бул партиянын согушчул лидери Оджалан Түркиядан куугунтук жеп, ал эмес 1998-жылы Орусиянын президенти  Борис Ельцин тарабынан колдоо алганы менен орустар кийирбей койгон. Бул экстремисттик жана террорчу топ дүйнөнүн көп мамлекеттеринде колдоо таппаганы менен акчанын кени ушунда. Акча деген самандай чачырап жаткан бул партия эч качан кыргыздарга жакшылык алып келбейт. Бирок өзүнүн жээндерине жакшылык кылышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

Последние новости