www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

G20 мамлекеттери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын алууга мораторий киргизүүнү талкуулап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан жардам алып жүргөн 76 мамлекеттин карызын тейлөөнү токтото турууга чакырган. 

Маалыматка ылайык, мөөнөт алты айдан тогуз айга чейин болушу мүмкүн. Маселе 15-апрелде өтө турган G20 мамлекеттеринин каржы министрлеринин жолугушуусунда чечилери болжолдонууда.

Бул убакыттын ичинде карыз алган мамлекеттер менен эл аралык каржы уюмдары андан аркы пландарын бекитип, сүйлөшүп алышат. Айрымдары үчүн карыздын бир бөлүгү жоюлса, башкаларына каржы жаатында көйгөй жаралгандыктан, төлөө мөөнөтүн узартууга шарт түзүп берүү каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости