www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 2 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь районундагы Токтоналиев көчөсүндө токтоп турган «HONDA CR-V» үлгүсүндөгү унаанын арткы орундуктары күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле куткаруучулар Асанбай кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости