www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Габриэль Гарсиа Маркес – легендарлуу колумбиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын 1982-жылдагы адабият боюнча лауреаты. “Сыйкырдуу реализм” адабий багытынын өкүлү. “Латынамерикалык пайгамбар” деген аты бар. “Жалгыздыктын жүз жылы” романы менен атагы чыккан Маркести 2014-жылдын 8-апрелинде Мехико шаарындагы госпиталдан үй-бүлөсү алып чыгып кетишет. Өпкө инфекциясына чалдыккан жана каны катып, денеси какшыган жазуучу ал жерде сегиз күн дарыланган. Маркес Мехикодо 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Төмөндө уламышка айланган жазуучунун алтын эрежелери менен таанышып алыңыздар.
Жашоо мыйзамдары
Боорукер адамдарга ишен.
Эч качан аткарылышы күмөн буйрукту бербе!
Кыялды жей албайсың, бирок ал тойгуза алат.
Көп эле жан кыйнап күчтөнбө, бардык жакшы нерселер өзүнөн өзү болот.
Жаңы адамдарды кезиктирип, алардын сени түшүнөрүнө үмүт артуудан мурун өзүң мындан мыкты бол жана ким экениңди тааны.
Өзүм тууралуу
Эч кимдин алдында башымдан алып отурбоо үчүн шляпа кийбеймин.
Акырында барып-келип эле башкалар сени элестеткен адам болбой коюу мүмкүн эмес.
Чынында жаман боло баштаганымды сезгенде, эч кимден жардам күтпөйм. Мен өзүмдү өзүм таштандыга ыргытам.
Кырсыкты болтурбай коюуга аракет кылам. Эскалаторго караганда тепкичтерди артык көрөм. Самолетко караганда башка бардык нерселерди колдоном.
Менден сурагандарга дайым чындыкты айтып келем: мага сойкулар үйлөнүүгө убакыт калтырышкан жок.
Бакыт тууралуу
Бакыт дарылай ала турган нерсени дарылай турган дары жок.
Жылмай да, кырсыктан өч ал.
Оңой табылган бакыт узакка байырлабайт.
Махабат тууралуу
Дүйнөнү бактылуу эмес, бактысыз сүйүүлөр кыймылга келтирип турат.
Алсыздар эч качан сүйүү падышалыгына кире алышпайт, бул падышалыктын мыйзамы катаал, аялдар тайманбас жана чечкиндүү эркектерге гана таандык, алар аялдарга ишенимдүүлүк тартуулашат, аялдар жашоодон мына ушуну издешет.
Коом жашоосундагы эң башкы нерсе – коркунучту жеңе билүү, жубайлар турмушунда башкысы, зеригүүнү башкара билүү.
Кедейликтин эң жаман жагы – ал жалган айтууга аргасыз кылат.
Эгерде бир нерсени чындап сүйсөң аны коё бер. Ал сеники болсо кайтып келет.
Бир дагы адам сенин көз жашыңа арзыбайт, ал эми көз жашыңа арзыгандар сени ыйлатышпайт.
Балким, бул аааламда сени болгону бир жансың, бирок кимдир бирөө үчүн бүтүндөй ааламсың.
Убактыңды убактысын сени менен өткөрүүгө умтулбаган адамга коротпо.
Кызганыч – швед ширеңкеси сыяктуу, ал өз кутучасынан гана от алат.
Кедейлик кайда болсо, сүйүү ошол жерде…
Адамдар картайганда сүйбөй калабыз деп ойлошот, чындыгында алар сүйбөй калганда картайышат…
Эгерде аял бир нерсеге кызыгып калса, баары жакшы болоруна ишенем. Аялдар дүйнөнү башкарарынан шегим жок.
Өмүр жана өлүм тууралуу
Жашоо бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр…
Качандыр бир наристе чагыңдагы жана дагы деле сенин ичиңде жашап жаткан добушка кулак сал. Эгерде биздин ичибиздеги наристенин добушуна кулак салсак, биздин көздөрүбүз кайрадан жаркырап жайнайт. Бул наристе менен байланышыбызды үзбөсөк, анда биздин жашоо менен болгон мамилебиз да үзүлбөйт.
Бардык нерселер – тирүү. Болгону алардын жан дүйнөсүн ойготуу керек.
Дөөлөттүү карылык – бул өзүңдүн жалгыздыгың менен тил табыша билүү.
…өлүп жок болуу деген бул эч качан досторуң менен бир болбоо экенин гана түшүндүм.
Бир гана коркунуч деген сөз жетишерлик болгон соң, согушта адам эмнелерди сезерин айтууга көп сөз коротуп не кереги бар.
Чыгармачылык тууралуу
Адабият адамдардын үстүнөн шылдыңдоо үчүн ойлоп табылган эң мыкты эрмек.
Эргүү жумуш үстүндө гана келет.
Ойлордун ата-энеси жок, алар биздин үстүбүздөн периштелер сыяктуу учуп жүрүшөт.
Кудай жөнүндө
Эң башкысы – сенин ишенгениң эмес, башкысы Кудайдын сага али ишенип турганында…
Шайтанга бизди күнөөгө батыргандан көрө, акыл-эсибиздин уяттан эсеңгиреп турганы көбүрөөк жагат.
Мен Кудайга ишенбейм, бирок андан коркомун.
Жиндилер жөнүндө
Эгерде жүйөлөрүн укчу болсок, анда бир да жинди жинди эмес болуп чыгат.
Мезгил жана күтүү жөнүндө
Чакырууну күтүп отурганча күтүүсүздөн келип кал.
Ким узак күтсө, ал дагы бир аз күтө алат.
Эч качан өтө кеч болбойт.
Достук жөнүндө
Эң мыкты дос бул эбак жарыктан кеткен дос.
Чыныгы дос – колуңдан кармап жүрөгүңдү сезе алган дос.
Ар дайым сага жамандык кылган адамдар табылат. Адамдарга ишене бер, болгону, бир аз абайлап жүр.
Акча – шайтандын богу
АКШ Латын Америкасына олчойгон акчаларын салат, бирок алар биз бир тыйынсыз эле жасап койгонду жасай алышпады. Биз алардын тилин, обонун, тамагын, сүйүүсүн, ойлорун өзгөртөбүз. Биз Кошмо Штаттарга алар бизге таасир көрсөткүсү келгендей таасир көрсөтө алабыз.
Бийлик менен атак-даңк жалгыздыгы эгиз сымал.
Адам өлүүгө милдеттүү болгондо эмес, өлө алганда гана өлмөкчү.
Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА
Булак: РухЭШ