www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-апрель, 1961-жыл. Гагарин космоско учту деп эл «дүң» болуп жатат. Мидин жумушка барбай калыптыр. Аалы Токомбаев (ошол кезде КыргССРнин жазуучулар союзунун төрагасы) Мидинди издеп үйүнө барат. Башы ооруп турган экен Мидикең.
Аалы:
— Ой кандай немесиң деги?! Тиякта Юрий Гагарин «Восток» деген корабль менен космоско учту деп эл дүңгүрөп жатса, үйдө жатасың. Жок дегенде ошону мактап бир куплет ыр жаза койсоң боло! Гезитке материал жетпей жатат.
Мидин:
— Өөх койчу эй, баш ооруп жатат, кечээгиден кийин. Баш жазчы андан көрө. Анан жазайын, — дейт.
Аргасыздан Аалы аны буфетке ээрчитип барат. 100 гр. арак, бир кружка пивону Мидиндин алдына коюп:
— Сен ичип тур. Мен ажаатканага барып келейин, — деп кетет.
Кайра келсе стакан да, кружка да бош. Мидикең жок. Салфеткага минтип жазып кетиптир кайран Мидин:
Кырына минип «Востоктун»
Кылымдар менен достоштуң.
Эр экенсиң Гагарин,
Кыздыгын тештиң космостун.
Булак: Рухэш