www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы экономиканын оор абалында, жаш муундарыбыз татыктуу иш орундарына өтө муктаж болуп турушат. Кыргызстанда элибиздин коомдук маанайы да төмөн деңгээлде, бири-бирин каралоо, нааразычылык, ич-ара талаш тартыштар күч алган мезгил. Көп жылдардан бери жыйынтык бербеген мазмунсуз саясый иштерге аралашпай, негативдүү терс процесстерди токтотуу максатында, элдин реалдуу турмуш маселесин аткаруу багытындагы маанилүү илимий семинарларды уюштуруп жатабыз. Жаштар тараптан кызыгуулар өтө күчтүү болгондуктан, баардык областтык аймактарда: Баткенде, Жалал-Абадда, Таласта, Бишкекте, Ошто жылуу кабыл алышты. Албетте, бул маселе өзүм төрөлгөн Ысык - Кол аймагында да өтө маанилүү. Ошондуктан, 12- апрель күнү Каракол шаарында драмтеатрда, жаштарга арналган илимий семинарды даярдаганбыз. Көп адамдар, интернет булактарынан ыраазычылык билдиришип, семинарга катышууну кутүп жатышкан. Бирок, алдын ала мыйзам чегинде түзүлгөн долбоорго карабай, бизге уюштуруу имаратын 12-апрельде берүүдөн мамлекет өкүлдөрү баш тартышты. Жаштарга билим, тажрыйба берүү, кыйналып турган жаш муундарды татыктуу иш менен камсыз кылуу маселеси, бийлик өкүлдөрү үчүн алгачкы милдет. Өздөрүнүн кадыр-баркына терс таасирин тийгизе турган токтомдорго областык жетекчилер, Каракол шаарынын депутаттары, көңүл буруусун өтүнөм!
Урматтуу көлдүк бир туугандарым!
Капа болбогула, чечилбес маселе болбойт. Өзүмдүн агалык милдетимди аткарып, инилериме карындаштарыма арналган тажрыйба берүү илимий семинарын Каракол шаарында, эрте-кеч өткөрүүгө аракет кыламын, деген пикирин, Темирбек Асанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып калтырды.
Эске сала кетсек, Темирбек Асанбеков бир нече жолу саясый тармакка ат салышкан инсандардын бири.
Булак: NazarNews.kg