www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган Маркл менен Гарри Улуу Британиядан Ванкуверге көчүп кеткенден кийин бактылуу экенине баары ишене бербейт. Ишенбегендердин арасында Мадонна да бар.  

Жакында эле Мадонна жаңы видео жүктөгөн. Анда ханзаада менен герцогиняга күтүүсүз сунуш кригизген.

“Канадада жашынбагыла, ал жакта кызыксыз. Мен Сентрал Парктагы үйүмдү ижарага бере алам. Ал жакта эки уктоочу бөлмө, терезеден Манхөттандын жакшы көрүнүшү ачылат. А менин балконумчу! Менимче бул жакшы идея”,-деп мадонна отургучта отуруп күзгүнүн алдынан видеого тарткан.

Мадоннанын сунушуна Меган менен Гарри азырынча жооп берише элек. Ошондой эле күйөрмандар ханзаада менен герцогиня Канададагы үйүнөн кетпейт деп эсептешет. Бирок, имиштерге таянсак, жубайлар жай айларында Калифорнияга кетүүнү пландап жатышат.

Ал эми герцог менен герцогинянын алдыңкы пландары боюнча так маалымат жок.

Белгилей кетсек,  Маркл Disney компаниясы менен мультфильмдердеги каармандардын үнүн коштоого келишим түзгөн. Маалым болгондой андан тапкан каражатынын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалат. Мындан сырткары, канадалык телевиденияда үйлөнүү шоунун алып баруучусу болуп иштей тургандыгы да айтылган.

Ал эми ханзаада Гарри эмне менен алектенери тууралуу азырынча маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости