www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

План үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маселелерди артыкчылык катары караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын чечимдерин аткаруу үчүн иштелип чыкты. 

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жүрүм-турум нормаларын өзгөртүү аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу, жоопкерчилик чаралын күчөтүү, укук сабатын, билимди көтөрүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, маалыматтык-агартуучулук иштерди кеңири жүргүзүү боюнча ири комплекстүү иштерди аткаруу иштери алдыда турганын айткан. 

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир учуру укук коргоо органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болуш керектиги баса белгиленди. 

Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планынын негизги милдеттери төмөнкүлөр: 

– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;

– Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекетитк кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;

– Бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Жогоруда саналган милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат.

Бул иш-чараларды аткаруучулар төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости