www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 6-февралында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТтМКК/Түрк Кеңеши) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк Кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык аренада ТтМККнын позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен аракеттер, Уюмду жана башка түрк институттарын өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө пикир алмашышты.

2020-жылы Түркия Республикасында өтүүсү пландалып жаткан Түрк Кеңешинин 8-Саммитине карата даярдыктарга байланышкан маселелерге тараптар чоң көңүл бурду.

ТИМКнын отурумунун жыйынтыктары боюнча тышкы саясий ведомстволордун башчылары ТтМКК органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар документтерге кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости