www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБи  боюнча  милициянын кайгуул кызматкерлери  Бишкек шаарынын  биринчи май  районунун  № 81-орто мектеби жана №77-жалпы билим берүүчу  орто мектептерге барып сабак өтүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Сабактын жүрүшүндө окуучуларга азыркы учурда жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы көп катталгандыктан,  жол коопсуздук эрежелерин сактоо,жөө өтмөктө  шам чырактын күйүп турган кызыл түсүнө өзгөчө көнүл буруу жана жөө адамдарга тийешелүү жол белгилерине  көз салуу,ошол менен бирге үйдөн чыккандан тартып мектепке чейинки  аралыкта чоң жолго чыкпастан жол жээгиндеги  жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү гана жолдо жүрүүнү эскертип, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.

Жашы жете электер менен иштешүүдө коомдук тартипти сактоо иретинде кечкисин жалгыз журбөстөн  ата –энесинин же жакын туугандарынын коштоосунда жүрүүсүн эскертип, ар кандай кинолордон же интернет сайттардан көргөн  терс каармандарды туурап,мектеп рекетчилигине  жол бербөөгө чыкырды.Андан сырткары жаштар эртенки күндүн келечеги экендигин эскертип,татыктуу жашоо жаркын келечек үчүн жакшы окуп,тамеки арак пиво өңдүү спирт ичимдиктеринен оолак болууга чыкырды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости