www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызмат ордуна сунушталган Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Талапкерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровду сунуштаган.

Акрам Мадумаров парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эске сала кетсек, Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунду туулган. Жогорку билимдүү: 1999-жылы Кыргыз агрардык университетинин «ветеринария» адистигин, ал эми 2013-жылы Дипломатиялык академиясынын «эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. Ал өмүр жолунда мамлекеттик кызматтын бир топ тепкичтерин басып өткөн. Азыркы учурда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.

Буга чейин Акрам Мадумаров окуу жайдын мугалимдерин галстугу жок болгондугу үчүн зекигени коомчулук тарабынан сынга алынган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости