www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда жүргүнчүлөрү бар абада учуп бара жаткан учакты чагылган урду. Кырсыктын видеосу жарыяланды.  Бул тууралуу “Известия басылмасы LADbible шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Aer Lingus авиакомпаниясынын рейси жекшемби күнү, 9-февралда  Бирмингем аэропортунан Дублинге учуп бара жаткан. Региондо “Сиара” куюндан аба бузулган, бирок ошондо да рейс учуудан баш тарткан эмес.

Кадрларда көрүнүп тургандай жамгыр жаап жатканда учак учуп бара жатып, аны чагылган уруп кетет. Болжол менен аба кемеси бир азга бузулгансып, андан кийин эч өзгөрүүсүз учууну уланткан.

Авиакомпания окуя учак көтөрүлгөндөн үч мүнөт өткөндөн кийин болгонун тастыктады. Учак эч бузулбастан Дублинге келип конгон. Ошондо да, интернет колдонуучулары аба бузулганда чагылганга туруштук бере алган атайын учактар бар экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости