www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Б.З. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Менделеев көчөсүндө жашаган кошуналары өз үйүндө мыйзамсыз түрдө клуб уюштурушканын билдирип, чара көрүүнү суранган.
Бул факт Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, аталган арыз боюнча текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үйдүн ээси 1966-жылы туулган жаран С.Ж. экендиги аныкталган.
Бишкек ш. Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1989-жылы туулган Дж. А., жана 1966-жылы туулган С.Ж. аттуу жарандар жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин активист Эртай Исаков аталган даректе гей-клуб жайгашып, кошуналарга тынчтык бербей келгенин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.