www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын милдети коомдук тартипти көзөмөлгө алуу. Алсак, 2010-жылы ИИМ министри Конгантиев Таластагы абалды жөнгө салуу үчүн барып, элдин тепкисинде калып, аесуз сабалган. Ал, жетекчи катары жылуу кабинетте отуруп албай, милдетин түз аткарып, кызматтык учурунда өз өмүрү менен коштошо жаздаган.

Конгантиев кечээ сот тарабынан акталды. Аны, "Бакиевчи акталды!",-деп Атамбаевчилер, "Сапарчылар" атайын бурмалап жатат.

Сапар Исаков чыныгы "бакиевчи" эмес беле? Ошол эле Алмазбек Атамбаевди Курманбек Бакиев, тантыратып Өкмөт башчы кылып, ал кишинин колунан төш белгисин алган эмес беле? 

Эми, ошол Бакиевчи Сапар Исаковдун жанындагылар Конгантиевдин акталышын бурмалап жатканына күлкүң келет. Эгер, М.Конгантиев 2010-жылдагы Таласка барганы үчүн жазаланса, анда эртең эл чогулуп, чыр чыкккан жерге кайсы милиция барат? Кылган кызматы, аткарган милдети үчүн жазаланса, анда эртең милиция кызматкерлери милдетин аткаруудан абайлап калышат го. Башкалар айтса дагы, Максимдин "куурчагы" Сапар Исаковдун жанындагылар оозун ачпай эле коюшса. 

Конгантиев - чыныгы генерал. Ал ошончо соккуда да эч кимди саткан жок, сатылбады. Бул генералдык жана эркектик дагы мүнөз. Азыркы айрым саткын саясатчыларга караганда Конгантиевдин аброюу миң эсе жогору. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости