www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкүлү 5-июлда, Кемин районуна барып, ал жактагы авариялык абалда турган, курулуш иштери башталып каржылоо токтоп калган обьектилерди көрүп кайтты. Алгач Тар-Суу айылындагы мектептин абалы менен таанышып, андан ары Шабдан айылындагы бала бакчага дагы баш бакты.

Депутат өзү менен кошо ашыкча эч кимди албай, айыл өкмөт башчысы, мектеп, бала бакчанын директорлору болуп эле маселелер менен жеринен таанышып чыкты.

Акылбек Жамангулов өз сөзүндө "бүгүндөн тартып ошол обьектилерди каржылоо булактарын караштырып, Өкмөт аркылуу чечкенге аракет кылып баштадым. Буга чейин бир нече курулуш иштерге капиталдык салым бөлдүрткөм",- деп билдирди.

Эл өкүлү аркы жумадан тартып Кемин районунун ар бир айылына барып, эл менен жолугушуп, маселелер менен жеринен таанышып чечкенге аракет кылаарын кошумчалады.

Андан тышкары, Акылбек Жамангулов башка райондорго да иш сапар менен барууну пландап жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости