www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексине кыз алуу качууга жазаны күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган долбоордо Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 300 миң сомго чейин айыппул салуу каралууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
ИИМ ала качуу өнөкөтү азыр да курч маселе бойдон калып, буга чейинки көрүлгөн чаралар абалды оңдоого жетишсиз болуп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз келип түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2017-жылы28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучу карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга кесилген.
Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Бул окуя кыргыз коомундагы кыз ала качуу көрүнүшүнө көңүл бурдуруп, мындай жорукка жазаны күчөтүү талабы коюлган.
Булак: NazarNews.kg