www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура бир ай мурун ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге «Азия Ньюс» гезитине адилеттик издеп кайрылган Балыкчы шаарынын депутаты Турдакун Давлетовдун арызын көзмө-көз жолдогон элек. Анда жергиликтүү эл өкүлүнүн Ысык-Көл облустук милиционерлери тарабынан сабалса да «чоң муштум» погончондорго адилеттүү жаза берилмек тургай, тоготуп койбой, дөөгүрсүп жүрүшкөнүн кулак кагыш кылганбыз.

Окуяны оозубуздан уккан Жунушалиев генералдык деми менен «мен турганда колун булгаган кызматкерлер тез арада жазаланат» деген убадасын ондогон журналисттердин көзүнчө коомчулукка айтканы бар.

Арадан туура бир ай өтсө да, генералдын ооздон чыккан убадасы неге аткарылбай жатат? Же Жунушалиевди министрликтеш өздүк коопсуздук кызматынын башчылары угушпайбы? Кашкар Жунушалиевден «толк чыкпасына» көзү жеткен Балыкчы калаасынын депутаты Турдакун Давлетов жакында өзүнө кол көтөргөн ИИМдеги «крысалардын» үстүнөн президентке арызданарын билдирди.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости