www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндүн жаңылыгы Самара Каримованын инста достору 1 000 000го жеткени болду окшойт. Бул кабар шоу дүйнө өкүлдөрүнүн эсин эки кылды. Төбөсү көккө жете кубанган Самара Каримова бул жолу да миллионго жеткен досторун өзгөчө майлап жаткан кези.

Анын бул кылыгы тууралуу тамашоучу Актан Рыскелдиев пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Мени жаман көрбөгүлө, көрө албай атасың дебегиле Оштогу акелер, эжелер. Бирок, бул Менин жеке оюм... Же миллионду майлаш керекпи? Чын эле ушунчалык жетишкендикпи?! Билбейм. Аш көп болсо каада көп деген заман келдиби?! Жашоодо башка баалуулуктар бар деп эсептейм, мактана турган башка нерсе көп. Эми биз деген жаш балдар таасирленчү инсандарбыз да. Ошон үчүн көбүнчөсү мага подписчик керек эле, пиар кылып берчи дейт экен да. Туугандар, инстаграм эртең жабылып калса эмне кыласыңар?! Бул жөн эле социалдык тармак да. Тескерисинче жашоого тоскоол кылат го, убакытты алып. Сен өзүң ошого жетип алчы дегендер дагы чыгат эми, ой мен жетпей деле койдум ай, рахмат. Мен башка нерсеге күйүп атам. Ысырап го!- дейт Актан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости