www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда Федералдык чалгын кызматынын (BND) ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү орган түзүү жөнүндө мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу Süddeutsche Zeitung басылмасы, NDR жана WDR телекомпаниялары федералдык канцлердин кеңсесине келип түшкөн мыйзам долбооруна таянып жазды.
Маалыматка ылайык, "Көзөмөл кеңешине" төрт федералдык сот, эки федералдык прокурор кирет.
"Немис толкуну" (DW) кабарлагандай, муну менен Германиянын Федералдык конституциялык сотунун токтому аткарылат. Май айында сот чалгын кызматы тууралуу азыркы мыйзам өз ара кат алмашуулардын купуялыгын жана сөз эркиндигин бузат деп чечкен.
Эске сала кетсек, Конституциялык сот мыйзамчыларды чалгын кызматынын укугун 2021-жылдын аягына чейин чектөөнү милдеттендирген.
Белгилей кетсек, Федералдык чалгын кызматы маалыматтарды негизсиз чогултуп, иштеп чыгат. Атайын кызмат күн сайын 154 миң билдирүүнү окуп, анын ичинен 260 өз кызыкчылыгы үчүн алат.
Ал эми Федералдык сот Интернеттеги агымды минтип иликтөө ФРГнын Башмыйзамына каршы келет деп чечкен.
Булак: NazarNews.kg