www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшембиде Минскинин борборуна Александр Лукашенконун бийлигине каршы он миңдеген киши чогулду. Айрым эсептөөлөр боюнча акцияга 100 миңдей адам чогулду.

Бул жолу демонстранттар акцияны “Светлана Тихановскаянын элдик инагуруациясы” деп аташып, аны президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары сыпатташты.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, демонстранттардын колоннасы эки чакырымга чейин созулду. Алар бир нече саат бою Минскинин көчөлөрүндө жүрүш жасашты.

“Весна” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча жекшембиде Беларуста жалпысынан 200дөн ашуун киши кармалды. Алардын арасында бери дегенде эле үч журналист бар.

 

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы жолу жеңди деп жарыялаган Александр Лукашенко 23-сентябрда ант берүү аземин коомчулукка жарыялабай, жашыруун өткөргөн.

Эске салсак, Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөр, Британия, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашкан. Анын алдында Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирген. Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости