www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Кыргызстандын карызын кечүүгө даяр

Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

«Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду», — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости