www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Forbes АКШнын эң берешен 25 миллиардеринин рейтингин жарыялады. Басылма алардын өмүр бою кайрымдуулукка канча акча коротконун эсептеп чыккан. Жалпысынан бул тизмедеги миллиардерлер 149 миллиард долларды кайрымдуулукка сарпташкан. Алардын байлыгы 799 миллиард долларды түзөт. Кайрымдуулук фонддору 2021-жылга чейин, ал эми алардын капиталы 2021-жылдын 14-январына карата эсептелет.

Рейтингде биринчи орунду ишкер Уоррен Баффет ээледи. 2020-жылга карата ал кайрымдуулукка 42,8 миллиард доллар сарптаган (анын байлыгы 88,8 миллиард долларга бааланган). Анын ден-соолукту чыңдоо жана жакырчылыкты кыскартуу багытында кайрымдуулук иштерин жасагандыгы айтылууда.

Рейтингдин экинчи орунда Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда Гейтс турат. Алардын байлыгы 120,7 миллиард долларды, ал эми жалпы кайрымдуулук каражаттары 29,8 миллиард долларды түзгөн. Алардын фонду 2020-жылы COVID-19 менен күрөшүү боюнча изилдөө иштерин каржылоону баштаган. Жубайлар эки жыл ичинде бул максаттарга 1,75 миллиард доллар сарптап, дүйнө жүзү боюнча муктаж болгондорго пандемия куралдары менен камсыз кылууга убада беришкен.

Финансист Джордж Сорос рейтингде үчүнчү орунду ээледи. Ал өмүр бою 16,8 миллиард доллар берген. Ал эми 14-январга карата анын байлыгы 8,6 миллиард долларга бааланган. Анын Ачык Коом Фонддору демократия жана шайлоочулардын укуктарын коргоого багытталган дүйнөнүн 120 өлкөсүндө иштейт. 2020-жылы эле бул тармактарга 140 миллион доллар бөлсө, былтыр Сорос басмырлоого каршы күрөшүү, адам укуктарын коргоо жана журналистерди колдоо үчүн 1,2 миллиард доллар бөлгөн.

Нью-Йорктун мурдагы мэри Майкл Блумберг рейтингде төртүнчү орунду ээледи. Анын байлыгы 54,9 миллиард долларды, ал эми жалпы кайрымдуулук жардамы 11,1 миллиард долларды түзгөн. Bloomberg климаттын өзгөрүшүнө жана калктын саламаттыгына көңүл бурган. Акыркы он жылда тамекинин колдонулушун азайтууга 1 миллиард доллардан ашык каражат сарптаган. Ал эми 2018-жылы ал коронавирус статистикасы менен дүйнөгө белгилүү Джон Хопкинс университетине 1,8 миллиард доллар которгон. Анын фонду COVID-19 менен күрөшүүгө 330 миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн.

Ушул жылдын рейтингинде Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун мурунку аялы Маккензи Скотт дагы пайда болду. Ал расалык, гендердик жана экономикалык теңсиздикке каршы күрөшкөн уюмдарга 5,83 миллиард доллардан ашык каражат бөлүп, тизмеде алтынчы орунду ээледи. Скотттун байлыгы 55,2 миллиард долларга бааланган.

Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чан жалпы суммасы 2,7 миллиард долларды түзүп, рейтингде онунчу орунду ээлешти. Алардын байлыгы 90 миллиард долларга бааланды. Жубайлар илимди, билим берүүнү, таза шайлоону жана акыйкаттыкты колдошот. Бирок, 2020-жылы Цукербергдин үй-бүлөлүк фонду коронавируска каршы күрөшүү үчүн 100 миллион доллардан ашуун жана шайлоодо таза добуш берүүнү колдоо үчүн 400 миллион доллар бөлгөн.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости